Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулук районунда эркек киши кошунасын сабап, байлап алган (фото)

Кылмыш мас абалында болгон чырдын негизинде жасалган

Бир күн мурун, 8-июнда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Күн-Туу айылынын жанында денесинен ар кандай жаракат алган  колдору байланган адамдын табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 1977-жылы туулган Т.Мди тапкан.


Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң аймактык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде катталды.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИБнын кызматкерлери тарабынан  кылмышка шектүү катары Чүй облусу менен Сокулук районунун тургуну Б.Н кармалган.

Кылмышка толугу менен кошуналардын мас абалында чыккан чыр-чатагы себеп болгону аныкталган.

Учурда кармалган адам Сокулук районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Чүй облустук ИИББнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх