Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Индиянын мамлекеттик ТИМи жана маданият министри Бишкекке келди

Расмий өкүлдүн иш сапары эки тараптуу дипломатиялык мамилелердин орнотулганына 30 жыл толгон жылы болуп жатат

Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри жана мамлекеттик маданият министри Минакши Лекхи Бишкекке иш сапары менен келди.

Расмий өкүлдүн иш сапары Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата болуп жатат. Бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылууда, анда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөгө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланат.

Минакши Лекхи Индиянын башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын (Бхаратия Жаната партиясы) мүчөсү жана ошол эле учурда Индия парламентинин төмөнкү палатасынын (Лок Сабха) мүчөсү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх