ККМ орнотууга каршы чыккандар Акылбек Жапаровго көйгөйлөрүн айтышты (фото, видео)
Министрлер кабинетинин башчысы бардыгына сөз берүүгө мүмкүнчүлүк берди
Бишкекте өкмөт үйүнүн жанында сөзсүз түрдө кассалык аппараттарды орнотууга каршы ишкерлердин митинги уланууда. Митингчилерге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чыкты.
Митингчилер үчүн микрофон орнотулду. Жапаров бардыгын сөз сүйлөөгө чакырды. Митингге чыккандардын арасында өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынын өкүлдөрү бар.

Ишкерлер Жапаровго Салык кызматынын талаптарын аткара албай жатышканын, анткени аларда чыгашалар көп экенин айтышкан.
Фото, видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз