Эксперт депутаттардын “Электр станцияларына” 100 миллион доллар карызын кечүү чечимин сынга алды
Эрнест Карыбеков энергокомпаниялардын коррупциялык тарыхы акча менен кошо жазылат деп эсептейт
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети бүгүн “Электр станциялары” ААКнын 100 миллион доллар карызын кечүүгө макул болду. Бул тууралуу ата мекендик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Суу көйгөйлөрүн жана гидроэнергетика ресурстарын изилдөө институтунун экс-төрагасы Эрнест Карыбеков энергетиктер карызды кечүү менен бирге коррупция үчүн жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатат деп эсептейт.
«Карызды кечүү ар дайым энергетика тармагындагы мамлекеттик кызматкерлердин жана жетекчилердин жоопкерсиздигине алып келет», - дейт эксперт Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Ооба, Орусия Кыргызстандын карызын кечти. Каражат Камбар-Ата 2 ГЭСинин курулушуна жумшалган. Баары логикалуу окшойт, энергетиктердин өкмөткө болгон карызын кечүү керек.
Ошол эле учурда Карыбеков ГЭСтин курулушуна бөлүнгөн акчанын баары (техникалык-экономикалык негиздеме, долбоорлоо-сметалык, курулуш-монтаждоо иштери) өз максатына жумшалганынан күмөн санайт.
- Жардыруу долбоор боюнча жасалбаганын элдин баары билет, - дейт ал курулуш боюнча. - КА-2 плотинасынын жогорку бөлүгү кол менен толтурулган, башкача айтканда, плотинанын тупку жана жогорку белугундегу тыгыздыгы башка! Биринчи агрегатты ишке киргизүү үчүн канча каражат кетти? Аудит болгонбу?
Эксперт Камбар-Ата 2 10 жылдан ашык убакыттан бери электр энергиясын өндүрүп келе жатканын эске салды.
- Анын кирешелүүлүгү кандай? — деп сурады Карыбеков. - Ошентип, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн энергетиктерден 37 миллион долларды кечип салышты. Бирок эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Жаман тенденция. Аларды дагы бирөө коргоп жатат, жарандар ойлошот. Же алар жеке компания болуп, алар үчүн баары сыр, же мамлекет аларга баарын жазып коёт. Акылбек Жапаров 2009-жылы сатыкка чыга электе (ал кезде Машкевичке сатууга камданып жатышкан) «Түндүк электр» Бишкек ТЭЦи менен биргеликте электр тармагына карыз болгондордун карыздарын, алар менен бирге ишканадагы коррупциянын баарын кечкен. Алар акыры кайсы экономикалык моделде өлкөнү алдыга жылдыра турганын чечиши керек болчу. Анткени, карыздардын жоюлушу менен коррупциянын тарыхы да жоюлат.
Михаил Готфрид