Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу боюнча сотко жеткирилди (видео)
Сот имаратынын жанына экс-президенттин тарапташтары жана анын үй-бүлөсү чогулушту
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы мамлекет башчынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, бүгүн процесстин алкагында тараптар Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу жана Түркиянын 10 адамына Кыргызстандын жарандыгын берүү маселесин талкуулашат.
Эске сала кетсек, 2021-жылдын декабрында Алмазбек Атамбаевге эки кылмыш иши боюнча – Калыс-Ордо конушундагы мектеп куруу жана он түрк жаранына паспорт берүү боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылган.
Учурда Алмазбек Атамбаев Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунда ден соолугуна байланыштуу жатат.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз