Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Токтогазиев: Этти чет өлкөгө чыгарууга тыюу салуу мүмкүн эмес

Айыл чарба министрлигинин экс-жетекчисинин айтымында, этти экспорттоого тыюу салуу бүтүндөй тармакты талкалашы мүмкүн

Жакында эле Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Бишкектин базарларындагы эттин баасы менен таанышты. Бул продукциянын езуне турган наркы жогору бойдон калууда. Ошол эле учурда Кыргызстанда этти, арпаны жана чөптү экспорттоого тыюу салынган, бирок бул продукциянын баасын төмөндөтүүгө алып келген жок.

Эттин баасын эмне аныктайт? Чыгымды азайтууга болобу? Бул суроолор менен Vesti.kgнин редакциясы комментарий алуу үчүн экс-Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге кайрылды.

«Эттин баасы көбүнесе тоюттун жетишсиздигинен көз каранды», - деп түшүндүрдү Токтогазиев. - Ошол эле учурда этти чет өлкөгө экспорттоого тыюу салуу мүмкүн эмес, анткени бул араб өлкөлөрүнө койдун этин жеткирүүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жок кылышы мүмкүн. Кыргыз мамлекетине арзан мал, жем ташылып келгидей шарт түзүлсө жакшы болот. Ошентип, эт кайра иштетүү тармагынан кошумча нарк өлкөдө кала берет.

Мындан тышкары, экс-министр белгилегендей, баага ортомчулардын маржа ставкасы таасир этет.

«Биз бир жолу айыл чарба өндүрүүчүлөрү калкка түз сатсын деп жарманке өткөргөнбүз», - деп эскерет ал. - Шаардын жарманке, базарларында баанын айырмасы 20-30%ды түздү. Калктын аялуу катмары үчүн бул олуттуу айырма. Мисалы, эт базарда 600 сомдон сатылса, жарманкеде 420-480 сомдон сатылууда. Же базарда кумшекер 100 сом, жарманкеде 80 сом. Мындай жарманкелерди жумасына 1-2 жолу өткөрүп, коомдун аз камсыз болгон катмарына социалдык дүкөндөрдү ачуу зарыл. Эгерде мамлекеттин айыл чарба продукциясынын баасына таасир этүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда өндүрүүчү менен керектөөчүнү ортомчуларсыз түздөн-түз бириктирүү үчүн альтернативдик ыкмаларды колдонсо болот.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх