Сүрөтчү Татьяна Зеленская сейил бакта ырдап жаткан кыргызстандык аялдын иллюстрациясын жасады
Фанарт таланты менен шаардыктарды багынткан Бегимай Турусбековага арналат
Сүрөтчү Татьяна Зеленская Бишкектеги сейил бакта ырдаган кыргыз айымы Бегимай Турусбековага иллюстрация жасады. Автор бул фанартты Фейсбук баракчасына жайгаштырган.
«Ынтымак паркындагы ырчы примадонна үчүн фанарт», — деп иллюстрацияга кол койду.
Татьяна Зеленскаянын сүрөтү
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз