Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Отун базаларына көмүрдү керектүү көлөмдө жана арзан баада берүү тапшырмасы берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Кеңешменини жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, электр энергиясын жана көмүрдү импорттоо, жергиликтүү көмүр казуу көлөмү жана отун запастарын даярдоо, энергетикалык обьектилердеги ремонт иштерине тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүүдөгү жеке жоопкерчилигин белгиледи.

«Жылытуу мезгилине карата өткөн жылдагыдай калкты көмүр менен камсыздоодо жаралган кыйынчылыктар кайталанбашы керек. Биринчи кезекте бардык социалдык мекемелер, өлкөнүн алыскы райондору көмүр менен тийиштүү көлөмдө камсыз болушу керек. Отун базалары белгиленген мөөнөттөргө карата калкты көмүр менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздап башташы керек. Тартыштыкка жана баалардын негизсиз жогорулатылышына жол берилбеши тийиш. Мындан тышкары, бардык энергетикалык объектилер жылытуу мезгилине карата максималдуу жүктөмгө даяр турушу зарыл», - деди ал.

Штабдын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди. Энергетика министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдаланууну жана анын тийиштүү көлөмдө топтолушун камсыз кылуу; «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Бишкек шаардык ЖЭБге сапаттуу көмүр жеткирүү планын камсыздоо боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуусу; энергетикалык объектилерде ремонт иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүү.

Жергиликтүү бийлик органдарына калкты өз убагында көмүр менен камсыз кылуу, керектүү көлөмдө  отун базаларын жана көмүр сатуучу жайларды, анын ичинде көчмө пункттарды ачуу тапшырмасы берилди.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх