Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев: Биз өлкөгө алдыңкы технологияларды жана россиялык компанияларды башкарууну тартууга кызыкдарбыз

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргызстандын орус бизнесине сунуш кыла турган нерсеси бар экенин белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Expo-Russia Kyrgyzstan 2022» / «Expo Eurasia - 2022» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана Бишкек бизнес форумунун ачылышына катышты.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, аталган иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоого кызмат кылат.

«Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү, биздин маалымат боюнча, 2285,4 млн АКШ долларын түздү. Биз ата мекендик экономиканы ырааттуу өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды жана россиялык компаниялардын менеджментин тартууга кызыкдарбыз. Бизде россиялык бизнеске сунуштай турган нерселерибиз бар. Биз жаңы сунуштарга жана долбоорлорго ачыкпыз. Кыргыз Республикасы ак ниеттүү чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун ар дайым колдойт жана аларды андан ары ишке ашырууга максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

200дөн ашуун компания катышып жаткан көргөзмө эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө көмөктөшүү максатында уюштурулган.

Россиянын жана Кыргызстандын ишканаларынын экспозицияларында эл чарбасынын бардык тармактарындагы инновациялык продукциялар жана иштеп чыгуулар коюлган.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх