Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген Азамат Мусакеев бошотулду

Сот үй камагына чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган Азамат Мусакеевди үй камагына чыгарды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Тергөө активистти күрөөгө бошотууну талап кылганы менен сот башка баш коргоо чарасын колдонгону айтылат.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаган делген адамдардын тобун жарыялаган. Натыйжада «Чүй ынтымагы» жана «Эл ынтымагы» уюмдарынан 15 адам кармалган. Мусакеев камактан бошотулган кылмыш ишинин акыркы адамы.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх