Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балта шаарында көчөлөрдүн биринен аялдын башы кесилген жансыз денеси табылды

Анын шериги кызганычтан улам киши өлтүргөн деп шектелүүдө

Кара-Балта шаарында 21-июнда дренаждык каналдан аялдын башы кесилген жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде каралган «Киши өлтүрүү» боюнча кылмыштын негизинде КЖБРге катталган.

«Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жабырлануучунун өздүгүн колдо болгон буюмдар, ошондой эле манжа издери аркылуу аныкташкан», - деп белгилешти укук коргоо органдары. - Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Жайыл РИИБнин Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада И. шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал өлтүрүлгөн 1976-жылы туулган К.Н.нын чогуу жашаганы болуп чыкты. Ошондой эле кылмышка шектүү Жалал-Абад облусунун аймагында жашырынып жүргөнүн аныктоого мүмкүн болгон.


Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмыш кызганычтын негизинде жасалган.Ал адам чогуу жашаган аялына 10дон ашык бычак менен жаракат келтирип, андан соң кылмышын жашыруу максатында анын башын кесип, денеден 200 метр алыс жерге көмүп салган.

- Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өлтүрүлгөн адамдын башын көмгөн жерди көрсөттү, - деди милицияга. - Ал киши Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх