Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Эрбаев Башкы прокуратурадан Ала-Буканы өнүктүрүү фондундагы каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысын текшерүүнү талап кылды

Парламентарий көзөмөл органынан текшерүүдөн кийин жазуу жүзүндө отчет берүүнү суранды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Эрбаев Жалал-Абад облусунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражатын максатсыз пайдалануу фактыларын териштирүү талабы менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө кайрылды.

«Ала-Бука районунун өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна 230 млн сом которулду», - деди Эрбаев. - Мыйзам бузуу фактылары ачык көрүнүп турат: ыйгарым укуктарынан аша чабуу, каржылык мыйзам бузуулар жана кыянаттык менен пайдалануу. Башкы прокуратуранын өкүлү, бул мыйзам бузуу фактысын жазып, текшерүү жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мага жазуу жүзүндө протокол бериңиз.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх