Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада ТүркПА Кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Казакстан, Азербайжан жана Түркиядан келген кесиптештери катышууда

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов, Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановдун катышуусунда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны өтүүдө. Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Сагиба Гафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп.

ТүркПА Кеңеши ассамблеядагы төрагалыктын казак тараптан кыргыз тарапка өтүү аземи менен башталды. Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов ТүркПАда 2021-жылы аткарылып жаткан иштерге токтолуп, ошондой эле кыргыз тарапка ийгиликтүү иш каалады.

Талант Мамытов казак кесиптешине ТүркПАга төрагалык кылуу учурундагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Жогорку Кеңештин Төрагасы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы акыркы 14 жыл ичинде саясий, экономикалык жана дипломатиялык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырганын баса белгиледи.

«Жаңы убакыт жаңы шарттарды коюп жатат. Динамикалык өзгөрүп жаткан дүйнөдө ар бир өлкө заманбап татаалдыктарга жана чакырыктарга туш болууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттерибиз өз көз карандысыздыгын, баалуулугун жана уникалдуулугун сактап калганына тарых күбө. Кылымдар бою сакталып келген тарыхыбыз, салтыбыз, тилибиз, өзгөчө бири-бирибизге болгон урмат-сыйыбыз ата-бабаларыбыздан калган мурас. Мен өз ара сый мамилени сактоо менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз деп ишенем», - деп кошумчалады Мамытов.

Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарова белгилегендей, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын XI пленардык жыйынында маанилүү маселелердин бири ТүркПАнын атын өзгөртүү.

"Бул тарыхый окуя" деди ал.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп түрк мамлекеттеринин мындан аркы кызматташтыгын активдештирүү зарылдыгын, анын ичинде ТүркПАга мүчө-өлкөлөр ортосундагы аял депутаттар менен жаш парламентарийлердин байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

ТүркПА Кеңешинин мүчөлөрү кыргыз тарапка ийгиликтүү иш каалашты.

КР ЖК басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх