Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук энергохолдингди ТЭЦти модернизациялоо боюнча соттолгон чиновник жетектеген

Эксперт энергетика тармагындагы кадр саясатына нааразы

Энергетика тармагын тажрыйбасы жок адамдар башкарып турса, тармактын өнүгүүсү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Мындай пикирин энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Vesti.kg сайты менен бөлүштү.

Бүгүн Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчилиги алмашканын түшүндүрүп кетели. Нурлан Садыков компаниянын башкармалыгынын төрагасы, Бектур Төрөкулов анын орун басары болду.

Садыков буга чейин Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, андан кийин экономика министринин орун басары, 2016-жылдан тарта Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Ал арада Умбеталиев Садыков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучулардын бири болгонун эске салды.

- Сот Нурлан Садыковду күнөөлүү деп таап, 2,6 жылга эркинен ажыратты, ошондой эле 100 миң сом айыпка жыкды, - деп белгиледи эксперт. - Ал "Кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча соттолгондуктан, соттолгондугун жоюу мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин. Соттун өкүмү 2019-жылы чыгып, бүгүнкү күнгө чейин соттуулугу жоюла элек. Суроо туулат: соттолгон адамды кантип мындай абалга коюуга болот?

Расул Акматович Кыргызстандын бүтүндөй энергетика тармагында квалификациялуу кадрлар боюнча чоң көйгөй бар экенин кошумчалады.

Биздин өлкөдө энергетика стратегиялык тармак болгону менен аны тажрыйбасы жок адамдар башкарып жатат, - деп ачууланды. - Жыл сайын Улуттук энергохолдинг менен НЭСК мамлекетке миллиарддаган сом зыян алып келет. Өнүгүү жөнүндө такыр сөз жок. Ошол эле адамдар ар кандай кызматтарга дайындалып, натыйжада энергетика тармагы туңгуюкка кептелип калды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх