Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык бильярдчылар Орусияда өткөн дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Азиз Мадаминов үчүнчү, Каныбек Сагынбаев тогузунчу орунду ээледи

Орусиянын Сургут шаарындагы «Премьер-Арена» спорт комплексинде эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида» классы боюнча бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Ага 12 өлкөдөн 72 спортчу катышты. Бишкектин атынан 11 бильярдчы – бильярд спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты.

Жыйынтыгында эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида» классында Азиз Мадаминов 3-орун, Каныбек Сагынбаев 9-орунга ээ болушту.

Мелдеш бильярд спорту жаатындагы эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, дүйнө өлкөлөрүндө “Эркин пирамида” бильярд оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле дүйнөнүн жыйынтыгы боюнча күчтүү оюнчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Уюштуруучулар Эл аралык пирамида конфедерациясы, Россия Федерациясынын Спорт министрлиги, Россиянын бильярд спорту боюнча федерациясы, Ханты-Мансийск автономиялык округунун – Угра шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх