Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык 13 жаштагы спортчу Азия чемпионатында көркөм гимнастика боюнча үчүнчү орунду ээледи

КР Көркөм гимнастика федерациясында спортчулар коло байгени алганын билдиришти

Кыргызстандык гимнаст Асема Бадыкеева Таиландда өткөн көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Көркөм гимнастика федерациясынан билдиришти.

- Асема өспүрүмдөр мелдешинде жакшы чыгып, коло медалдын ээси болду, - дейт федерациянын директору Назира Айдарова. – Өспүрүмдөр арасындагы турнирге Кыргызстандан жалпысынан төрт гимнаст катышты. Асема финалга чыгып, калыстардын алдында союлдар менен (жарыш спорттук жабдуулар) номерин аткарып, 26,25 упай менен үчүнчү орунду ээледи. Дагы эки кызыбыз 4-6-орунга ээ болушту.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх