Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энергетиктердин майрамына “Чыгыш электр” ишканасынын жетекчилиги мыйзамсыз түрдө 6 миллион сом төлөгөн

Прокуратура ишкана 20 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз короткондугун аныктады

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы «Чыгыш электр» ААКда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында каржылык мыйзам бузууларды аныктады.
 
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын көрсөткүчтөрүнүн рентабелсиздигине жана акционердик коомдун кызматкерлеринин эмгек акысынын жогору болгондугуна карабастан, кызматкерлерге эмгек акыдан тышкары ай сайын үстөк акылар төлөнүп, ошону менен белгиленген ченемден ашыкча төлөмдөр жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган. 2021-жылга бекитилген сумма жалпы суммасы 13 млн 601 миң 700 сом.
 
Мындан тышкары, негизги акционер катары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жана акционердик коомдун бекитилген эмгек акы төлөө фондунда үнөмдөлбөгөндүгүнө карабастан, «Чыгыш электр» ААК жетекчилигинин буйругу менен «энергетикалык майрамына» 6 млн 890 миң сом мыйзамсыз төлөнүп берилген.
 
Аталган ишкананын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпысынан 20 млн 491 миң 700 сом зыян келтирилген.
 
Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх