Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Бишкектин борборунан ала качкан кызды издөөнү бешинчи күндөн бери улантууда (видео)

Буга чейин күбөлөр жардам сураган кызды белгисиз адамдар унаага сүйрөп кирип изин жашырып кетишкенин видеого тартып алышкан

Бишкектин борборунан түн ичинде ала качып кеткен кызды милиция бешинчи күндөн бери издөөнү улантууда. Vesti.kg сайтынын редакциясы издөө иштери кандай жүрүп жатканын билүү үчүн Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы менен байланышты.

- Кыз табыла элек, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда, - деп жооп беришти милиция.

Айта кетсек, 24-июнга караган түнү Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде белгисиз эки адам жардам сураган кызды унаага сүйрөп кирип, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкенин көрүп тургандар видеого тартып алышкан.


Эске салсак, ушундай эле жагдайда Айзада Канатбекова 2021-жылы уурдалып, бир күндөн кийин борбор калаанын жанынан табылган. Аны ала качкандардын бири муунтуп өлтүрүп, өз жанын кыйган.

Буга чейин 2018-жылдын май айында медициналык колледждин студенти 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы Чүй облусунун Жайыл РИИБнин имаратында өлтүрүлгөн. Аны ала качкан кыз менен чогуу РОВДга алып келишкен, ал кыз менен жалгыз калган учурдан пайдаланып, кызды бычактап өлтүргөн.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх