Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров ишкерлерге: Мамлекет сиздерге көңүл бурат, колдойт

Президент уяттуу ишкерлердин статусун жана имиджин көтөрүү боюнча чаралар тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда өлкөнүн салык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада абийирдүү ишкерлердин статусун жана имиджин көтөрүү чаралары тууралуу айтты.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы ишкерлердин ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи.

«Ошол эле учурда мамлекет дагы сиздерге көңүл буруп, колдоо көрсөтүп, тиешелүү шарттарды түзүүгө аракет кылууда. Бул аракеттер менен катар дагы бир жакшы кабарды билдирем.

Мен “Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана имиджин жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койдум.

Жарлыктын негизинде “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” наамы киргизилди. Эми экономикага салым кошкон жана бул наамга ээ болгон абийирдүү ишкерлерибиз Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алууга укуктуу болушат, аэропорттордо расмий делегациялардын залдары, бизнес залдары жана VIP залдары аркылуу бекер өтө алышат. Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлөргө болгон иш сапарларында мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына эмгек сиңирген ишкерлер киргизилет”, - деди Садыр Жапаров.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө 700 миңден ашык салык төлөөчү болсо, анын ичинен 3 миңге жакын ишкерлер мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктын жалпы суммасынын 80%ын төлөшөт. Мындан тышкары, бул ишкерлер жарандарды жумуш менен камсыз кылууда.

“Бүгүн мен Кыргызстандын бардык салык төлөөчүлөрүнө жана ишкерлерине ыраазычылык билдиргим келет, алар өздөрүнүн талыкпаган эмгеги менен экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошуп, улуттук өнүгүү максаттарын, экономикалык жана социалдык программаларды ишке ашырууга салым кошуп жатышат!”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы. .

Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх