Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түздү

Кийинки шайлоо цикли 2025-жылы баштала тургандыктан, шайлоолор аралык мезгилде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү абдан маанилүү

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-июндагы жыйынында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын бекитти.

Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4-беренесине ылайык кабыл алынды, ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы:

- шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;

- шайлоолорду, референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн практикасын изилдейт жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуштарды киргизет.

Кийинки шайлоо цикли 2025-жылы массалык жергиликтүү шайлоолор, 2026-жылы - кезектеги парламенттик шайлоолор, 2027-жылы - президенттик шайлоолор менен башталаарын эске алуу менен, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү өтө маанилүү.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына: Жогорку Кеңештин депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, судьялар, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана шайлоо мыйзамдары жаатындагы эксперттер кирет.

Чечимге ылайык, Ведомстволор аралык жумушчу топ колдонуудагы мыйзамдарды, шайлоолорду өткөрүү практикасын талдоонун негизинде, кеңири коомдук талкуулоо аркылуу шайлоо мыйзамдарын жана процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлөт.

БШКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх