Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык мэриясында эксперттик кеңеш түзүлдү

Ишке ар кыл тармактын адистери тартылган

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында борбор калаанын муниципалитетинин алдында эксперттик кеңеш түзүлгөнүн билдирди.

Ишке ар кандай ишмердүүлүктүн адистери тартылган.

Ал социалдык маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууну даярдоо процесстерине эксперттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле борборду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча эксперттик корутундуларды иштеп чыгуу үчүн иштелип чыккан.

Мэр ошондой эле мэрия шаардыктар үчүн ачык экенин белгиледи. Иштин ачык-айкындуулугу үчүн «Бишкек – 2026. Ыңгайлуу жана жашыл борбор» орто мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыгып, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан жактырылды. Мэрия 10 багыт боюнча 70 пункттан турган Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылга иш планын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу планын бекитти.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх