Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Корея Телеком корпорациясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Корея тарапка өлкөнүн инвестициялык потенциалы, ошондой эле санариптештирүү боюнча презентация тартууланды

Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова социалдык тармактардагы баракчасына Korea Telecom корпорациясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен расмий жолугушуу өткөргөндүгү тууралуу билдирүү жарыялады.

Жыйынга президенттик аппараттын экономикалык жана саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов да катышты.



Бул Корея Телеком Корпорациясынын тарыхындагы бүткүл директорлор кеңешинин биринчи сапары. Кыргызстанга корпорациянын директорлор кеңеши жана башкармалыгынын мүчөлөрү толук курамы менен келген биринчи өлкө болду.

Маалымат үчүн

KT Corporation – телекоммуникация, интернет, медиа, интернет-банкинг, кыймылсыз мүлк, финансы жана энергетика сыяктуу бизнес чөйрөлөрүн жана башка тармактарды бириктирген диверсификацияланган инвестициялык холдинг (дүйнө жүзү боюнча 45 филиалы бар).



Директорлор кеңешине саясат чөйрөсүндөгү адамдар жана ири кореялык компаниялардын топ-менеджменти кирет.

Директорлор кеңешинде: Hyundai Motor Company компаниясынын мурдагы жетекчиси, Lotte Rental компаниясынын экс-президенти (Lotte Groupтун туунду компанияларынын бири, түштүк кореялык ири конгломерат), Wonik Partners инвестициялык компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары, КР Президентинин Катчылыгынын улук катчысы Түштүк Кореянын экономикалык жана саясий иштери боюнча, ошондой эле Корея Республикасынын Конституциялык сотунун мурдагы башкы катчысы ж.б.



Бул жолугушуунун максаты директорлор кеңешинин мүчөлөрүн Кыргызстандагы инвестициялык климат жана бизнес чөйрөсү менен тааныштыруу болду. Корея тарапка өлкөнүн инвестициялык потенциалы, ошондой эле санариптештирүү боюнча презентация тартууланды.



Мындан тышкары, тараптар түз инвестиция, телекоммуникация жана башка маселелерди талкуулашты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх