Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын ИИМ Казакстандын УКМКсы менен биргеликте атайын операция өткөрдү (видео)

Эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрү эл аралык маңзат синдикатын жоюшкан. КРнын аймагында кармалган баңги заттарды сатуудан болжолдуу пайда 13 миллион сомдон ашык болмок

Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренеси (Сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККК жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Борбордук Азия мамлекеттерине синтетикалык баңгизаттарды жашыруун өндүрүүгө жана алардын контрабандасына адистештирилген эл аралык баңгилик синдикаттын ишмердүүлүгүн бейтарапташтыруу боюнча атайын операция жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 5-июнь күнү Бишкек шаарынын аймагынан өлкөбүзгө психотроптук заттарды даярдоо, таңгактоо жана аларды таркатуу менен алектенүүчү, Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган, туруктуу баңгилик топ кармалган .
Шектүүлөрдүн унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда арткы отургучтан “Альфа PVP” психотроптук заттар болгон 4 бөтөлкө салынган кара полимер баштыгы табылып алынган.
Андан аркы тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө лаборатория аныкталып, ал жактан сатууга даярдалган 18 психотроптук зат менен баштык, таңгактоочү каражаттар, ошондой эле жашыруучу жайларды аныктоого буюмдар табылган.


Кыргыз Республикасынын аймагындагы операциянын алкагында баңгилик синдикаттын 4 катышуучусу кармалып, баңгилик лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. (2001-ж.т. С.А. жараны (топтун уюштуруучусу), 2002-ж.т. А.А. жараны (таңгактоочу, кладмен), 2002-ж.т. Б.Э. жараны (таңгактоочу, кладмен). 2003-ж.т. К.Ж. жараны).
Атайын операциянын аяктоочу этабы Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорскидеги жана Шымкенттеги бир учурдагы 3 аймактык бангилик курьерлерди кармоо болгон.
Кыргыз Республикасында алынган заттардын жалпы салмагы 3 кг ашуун салмакты түзгөн.
Ошону менен бирге белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагындагы синтетикалык баңгизаттарды сатуудагы болжолдуу киреше 13 млн 950 миң сомду түзмөк.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх