Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Италиянын футбол федерациясынын жетекчилиги Кыргызстанга келүүгө даяр

Бул тууралуу Габриэле Гравина КР элчиси Таалай Базарбаев менен болгон жолугушууда билдирди

Өткөн шаршемби күнү, 6-июлда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын футбол федерациясынын президенти Габриэле Гравина жана федерациянын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Данило Филаккионе менен жолугушту.

Жолугушууда Базарбаев Кыргыз футбол союзунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, дүйнөлүк футболдун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Италиянын футбол федерациясы менен кызматташуу боюнча өзүнүн көз карашын билдирди.

Италиянын футбол федерациясы менен Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилеринин иш сапарларын уюштуруу аркылуу эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн белгилеп, элчи Базарбаев Гравиндин кароосуна Кыргыз футбол союзу менен Италия футболунун ортосундагы кызматташуу меморандумунун долбоорун сунуштады. Федерация, анын ичинде машыктыруучулардын, калыстардын, балдар-өспүрүмдөр футболунун өкүлдөрүнүн, медицина кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу.

Өз кезегинде Гравина сунушталган Меморандумдун долбоору жакынкы аралыкта каралаарын жана ага кол коюуну Италиянын футбол федерациясынын Римдеги штаб-квартирасында Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилигинин Италияга сапары менен айкалыштырууга болоорун белгиледи.

Гравина футболду өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйба алмашуу максатында Италиянын футбол федерациясынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселесин кароого даяр экенин билдирди.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх