Эттин кымбатташын аялдардын юбкасынын узундугу менен түшүндүргөн имамдын сөзүнөн Муфтият эч кандай мыйзам бузууларды ачкан жок
Муфтият имам “эч кимдин кадыр-баркына шек келтирген эмес” деп ишенет
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкектин Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун эттин кымбатташын аялдардын кийиминин узундугу менен түшүндүргөн билдирүүсүн текшерди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында муфтият имамдын сөзүнөн мыйзам бузууларды тапкан эмес. Дооловдун сөзүнө үч категория боюнча баа берилип, анын жүрүшүндө дин ишмери саясатка аралашпаганы, шариятты бузбаганы, ошондой эле эч кимдин кадыр-баркына шек келтирбегени белгилүү болду.
Эске салсак, дин кызматкери Садыбакас Доолов өз сөзүндө эттин кымбатташы аялдардын көйнөктөрүнүн узундугуна байланыштуу экенин айткан. Анын айтымында, “аялдын кийиминин узундугуна эркектердин эч кимиси комментарий бербесе, анын эти арзандайт”.
«Эт качан кымбаттай турганын билесизби? Сиз жашаган аймакта аялдын эти арзандай баштаганда. Баш бармак же кол сыякту жамбашын ачып басып жүргөндө аялдын эти арзандайт», - деп жооп берди имам.
Имамдын өзгөчө тыянактары кыргыз элинин кыжырдануусун жаратты. Ал аялдарга карата туура эмес окшоштук жана четке кагуучу мамиле үчүн айыпталды. Кошумчалай кетсек, Дооловдун билдирүүсү социалдык тармактардын чыгармачыл колдонуучуларын интернет мемдерди жаратууга шыктандырган.
Доолов өзү Vesti.kg сайтына маек куруп жатып, ал аялдарды кемсинтүүгө аракет кылбаганын, тескерисинче, «аялдардын кадыр-баркын көтөрүүнү каалаганын» билдирди.
«Эмнегедир көптөр мен оюмду туура эмес формулировкаладым деп ойлошот», - дейт Садыбакас ажы. Бирок эч кандай ката болгон жок. Болгону айтылган сөздөрдүн каймана маанисин туура түшүнүп, баарын түз мааниде кабыл албоо керек. Мен кемсинте турган адам эмесмин, тескерисинче, аялзатынын кадыр-баркын көтөргүм келди. Базарда эттин кымбаттап жатканына тынчсызданып жатканыбыз менен, ошол эле учурда аялдын ар-намысы, кадыр-баркы арзандап баратканына кабатырланбай жатканыбызга ачуум келип турат.
Бир күн мурун активист Умай Арыкова менен журналист Махинур Ниязова укук коргоо органдарына арыз жазышкан. Алар дин кызматкерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренеси “Адамдардын тең укуктуулугун бузуу” боюнча чара көрүүнү суранышат.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www