Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү
ТИМдин жетекчилери өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүштү
Бир күн мурун КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен анын Россия Федерациясындагы кесиптеши Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык күн тартибин талкуулап, алдыда боло турган тышкы саясий окуяларга байкоо салышты, жогорку жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Маектешкендер аймактык коопсуздук маселелерине, «Борбор Азия+Россия Федерациясы» диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө жана Нур-Султан шаарында мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле, тараптар эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин жана динамикасын канааттануу менен белгилеп, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө үчүн жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.
Сүрөт www