Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Кыргызстандын курорттук шаарында бир эле учурда эки эл аралык мелдеш өтөт – өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы оюнчулар

Чолпон-Атада бильярд боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бильярд спорт федерациясынан билдиришти.

«Бүгүн, 12-июлда «Эркин пирамида» дисциплинасы боюнча 19 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында мелдештер башталды», - деп билдиришти спорттук бирикмеден. - 15-күнү чоң оюнчулар арасында “Динамикалык пирамида” мелдеши башталат. Жалпысынан дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 240ка жакын спортчулардын катышуусу күтүлүүдө: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Россия, Беларусь, Латвия, Молдова, АКШ, Германия, Испания, Түштүк Корея, Пакистан, Индия, Ирак, Иран, Монголия, Түркмөнстан, Афганистан, Түркия, Азербайжан, Грузия, Сербия, Армения жана Румыния. Оюндардын байге фонду 4 миллион сомду түздү”.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх