КРда майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн кандай документтер талап кылынат
Социалдык фонддун маалыматы
Социалдык фонд майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн керектүү документтердин тизмесин камтыган маалымат таратты.
1) паспорт:
- расмий качкын статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын ички иштер органы тарабынан берилген жашоого уруксат.
2) майыптык тобун түзүү жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусу;
3) эмгек китепчеси;
4) 01.01.1996-жылга чейин 60 ай катары менен иштегендиги үчүн эмгек акынын маалымкаттары;
5) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3x4 см өлчөмүндөгү эки фотосүрөт.
Эскертүү: камсыздандыруу стажы боюнча башка документтери болгондо, талапкер кесиптик лицейди, колледжди же ЖОЖду бүтүргөндүгү тууралуу дипломун (окуу 19.02.1999-ж. күндүзгү бөлүмгө кабыл алынат), аскердик билетти, аялдар үчүн - балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, башка фамилияга берилген документтер болгондо, никени каттоо же токтотуу жөнүндө күбөлүк.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Сүрөт www