Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тимур Шабданбеков УКМКнын жетекчисинин жаңы орун басары болуп дайындалды

УКМК төрагасынын орун басары Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткенин тастыктады

УКМКнын басма сөз борбору төраганын орун басары, генерал-майор Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткени тууралуу маалыматты акыры тастыктады.

«Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордуна полковник Шабданбеков Тимур Маратович дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Белгилей кетсек, Апсатаровдун кызматтан кеткени тууралуу маалымат өткөн аптада чыккан. Бирок андан кийин УКМКнын басма сөз борбору, ошондой эле президенттик администрация бул кабарды ырастоодон же төгүндөөдөн баш тартты.

Ал арада Темиров Live иликтөөчү журналисттери “Ташиев Жапаровдун адамын иштен алды” деген маалымат таратышты. Кеп Апсатаровдун президенттин аппаратында иштегени тууралуу болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх