Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Натыйжалар жакшырды. Манас айылында триатлон боюнча чемпионаттын экинчи этабы болуп өттү

Мелдешке Казакстандан да спортчулар катышты

Бишкектин жанындагы Манас айылында триатлон боюнча чемпионаттын экинчи этабы өттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Триатлон федерациясынан билдиришти.

Мелдешке Кыргызстан менен Казакстандын спортчулары "U-15 эркектер", "U-15 аялдар", "Жаш кыз-келиндер", "Жаш эркектер", "Пара Атлеттер эркектер", "Пара Атлет аялдар" категориялары боюнча катышты.

Ал арада федерациянын башкы катчысы Елена Полченкова Vesti.kg сайтына ата мекендик спортчулардын көрсөткүчтөрү жакшырып жатканын, алар чемпионаттын экинчи этабында жакшы оюн көрсөткөнүн айтты.

— Биздин спортсмендер жакшы оюн көрсөтүштү, алардын натыйжалары жакшырууда, — дейт Полченкова. - Бизге Казакстандан да коноктор келип, алар да жакшы жыйынтык көрсөтүштү, алар бир нече байгелүү орундарды алууга жетишти. Биздин спортчулардан өспүрүмдөр арасында Темирлан Абдрахимов, ал эми кыздар арасында Альфина Артыходжаева күчтүү болду.

Ар кандай номинациялар боюнча жеңүүчүлөр Алхам Мурат, Темирлан Абдрахимов, Дастан Камчыбеков, Ралина Артыходжаева, Айтунук Жоомарт кызы, Альфина Артыходжаева болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх