Садыр Жапаров: Биз ичүүчү таза суунун баркын түшүнбөй, сарамжалсыз пайдаландык. Мындан ары мындай болбошу керек
Президент Айыл чарба министрлигинин жетекчисин сынга алып, Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго 1-ноябрга чейин Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону тапшырды.
Мамлекет башчы дүйнөдө ичүүчү суунун баасы кымбаттаганын баса белгиледи.
«Биз ичүүчү таза суунун баркын түшүнбөй, аны сарамжалсыз пайдаландык. Мындан ары мындай болбошу керек. Суу кодексинин жана Жер кодексинин жаңы редакциялары 1-ноябрга чейин даяр болушу керек. Бул үчүн сиз толук жоопкерчиликтесиз”, - деди Садыр Жапаров.
Айыл чарба министринин отчетун уккан президент чиновниктин көңүлүн ушунча каражат бөлүнүп жаткан чакта айыл чарбасын 2 пайыздык өсүш тууралуу сөз кылуу таптакыр туура эмес экенине бурду.
«Сиз бул боюнча кескин чечимдерди кабыл алышыңыз керек. Азык-түлүк коопсуздугу приоритеттүү болуп калуудан эч качан токтобойт. Азык-түлүк коопсуздугунун планын иштеп чыгуу жана бекитүү. Азык-түлүктүн 9 түрүнөн турган кластерди иштеп чыгууда 2 жылдын ичинде сиз көрсөткөн 6 түрдү толугу менен киргизүүнү унутпаңыз», - деди мамлекет башчы.
Мындан тышкары Жапаров Жаныбековго иш кагаздарын жүргүзүүдө дыкаттыкты күчөтүүнү тапшырды. Ал 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 81 документ (18,5%) мөөнөт бузуу менен түзүлгөн же аткаруу тартиби 1,9%га начарлаганын билдирди.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www