Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстанда өтө турган мелдешке Кыргызстандын теннисчилери катышат

Спорттук мелдештер 30-июлга чейин өткөрүлөт

Кыргызстандык теннисчилер Ташкентте өтө турган ITF сериясындагы турнирге катышат. Бул тууралуу Itftennis.com билдирди.

23-июлдан тарта тандоо этабынан баштала турган Олимпиадалык теннис мектебинин корттарында өспүрүмдөр арасында J3 Tashkent - 2022 турнири өтөт. Ал 30-июлга чейин созулат.

Бул мелдештерге Кыргызстандын атынан 16 жаштагы Арсен Табалдиев жана 17 жаштагы Владислава Андреевская катышат.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх