Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 85 жаңы учуру аныкталды
Ооругандардын арасында 18 адам эки жолу эмдөөдөн өткөн
Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 85 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Белгилүү болгондой, кетүүгө байланыштуу ПЦР текшерүү учурунда 57 учур аныкталган. Дагы 28 адам симптомдору менен дарыгерлерге кайрылышкан.
Жалпысынан 12 адам ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук дарыланууда.
Бишкекте 76, Ошто 3, Чүйдө 3, Жалал-Абадда 2, Ошто 1 учур аныкталган.
Ооругандардын арасында 18 адам эки жолу эмдөөдөн өткөн.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз