Акылбек Жапаров кайрадан Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү орус-кыргыз кызматташтыгынын маселелерин карашты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында маалымдалды.
Өкмөт башчылары соода-экономикалык чөйрөдөгү орус-кыргыз кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин карашты.
Анда негизги көңүл Россия менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара аракеттенүүсүнө жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоого бурулганы белгиленген.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз