Ысык-Көлдө өспүрүм аскадан кулап каза болду
Маалым болгондой, ал Барскоон шаркыратмасынын аймагына козу карын терүүгө барган
Бир күн мурун, 19-июль күнү Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө ошол эле күнү саат 18.00дөр чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын 2007-жылы туулган тургуну А.Ж. Барскоон шаркыратмасынын аймагынан козу карын терип, дайынсыз жоголгон.
Жашы жете элек кызды издөөгө райондук милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган. Ошол эле күнү издөө иштеринин жүрүшүндө Барскоон-Кумтөр жолундагы үчүнчү көпүрөнүн жанындагы тоолуу аймактан өспүрүмдүн жансыз денеси табылган.
Бул факты Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган. Өспүрүмдүн өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерилүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жардан кулап кеткен.
Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнынбасма сөз кызматы билдирди
сүрөт www