Кырсыктын кесепетинен унаа Ч.Айтматов проспектисинде аялдаманы талкалап кетти (фото)
Кырсыктын күнөөкөрү аялдама комплексинин талкаланган түзүлүшүн калыбына келтирет
20-июлга караган түнү Ч.Айтматов проспектиси менен Василенко көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен проспектинин батыш тарабында жайгашкан аялдама талкаланган.
Аялдама муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин балансында турат, келтирилген чыгымды аялдама комплексинин ижарачысы өз эсебинен орноткон.
Аялдама комплексинин талкаланган конструкцияларын калыбына келтирүү Бишкек ШИИБнин жана сот органдарынын чечими менен кырсыктын күнөөкөрүнө жүктөлөт.
Азыр аялдама «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан толугу менен демонтаждалып, аймак тазаланды.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www