Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шавкат Мирзиёев Чолпон-Атада деструктивдүү күчтөрдүн интернетти колдонуу коркунучу тууралуу айтты

Өзбекстандын президенти ошондой эле терроризм, экстремизм, баңги аткезчилиги жана уюшкан кылмыштуу топтордун коркунучун белгиледи

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Чолпон-Атадагы жолугушуусунда Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн стратегиялык багыт деп атады.

Мирзиёевдин айтымында, радикалдык экстремизм, терроризм, баңги аткезчилиги жана уюшкан кылмыштуулук мамлекеттердеги стабилдүүлүккө жана тартипке коркунуч туудурат.
Ал ошондой эле деструктивдүү күчтөрдүн интернетти колдонуу коркунучун белгиледи. Ал эми бул көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү жолдорун иштеп чыгуу үчүн Коопсуздук кеңештеринин жана атайын кызматтардын жетекчилеринин үзгүлтүксүз жолугушууларын уюштурууну сунуштады.

Михаил Готфрид
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх