Чолпон-Атада Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюшкан жок
Рахмон менен Бердымухамедов документке өз өлкөлөрүндө ички процедуралар аяктагандан кийин кол коюшары белгиленген
Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды.
Тактап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү үчүн достук, жакшы коңшулук жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.
Бул документке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички процедуралар аяктагандан кийин кол коюшат.
Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн Аймактык жашыл күн тартиби программасын жана 2022-2024-жылдарга Аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.
Кошумчалай кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды куткаруу эл аралык фондунун негиздөөчүсү болгон мамлекет башчыларынын Эл аралык Аралды куткаруу фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www