Кеминде жергиликтүү тургундар Казакстанга мал айдап өтүүгө аракет кылышкан
Чек арачылар мыйзамсыз аракеттерди токтотушту
Бир күн мурун УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан малды мыйзамсыз айдап өтүүнү токтотушкан. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик чек ара тилкесинде кызмат өтөө учурунда УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары Казакстан Республикасынын эки жараны 41 баш малды кантип Кыргыз Республикасынын чек арасына чейин алып баратканын аныкташкан.
Чек арачылар үйүрдү кармоо менен малдын мыйзамсыз өтүшүнө бөгөт коюшкан.
Белгилей кетсек, малды кармоодо чек арачыларга Кемин РИИБдин кызматкерлери чоң жардам беришип, малды чек ара заставасына айдап келип, кармалгандан кийин тиешелүү документтерди тариздөө иштерин жүргүзүшкөн.
Сүрөт www