Кыргыз түрмөлөрүндө Нельсон Манделанын туулган күнү белгиленди (фото)
Түзөтүү мекемелеринде концерттер, поэзия кечелери жана спорттук мелдештер өткөрүлүп, ага кызматкерлер да, соттолгондор да катышты
Кара континенттин эркиндиги жана Түштүк Африканы демократиялаштыруу үчүн эң атактуу күрөшүүчү 1918-жылы 18-июлда туулган. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясынын демилгеси менен 2010-жылдан бери дүйнө жүзүндө кеңири белгиленип келет. Ошентип, буткул өмүрүн өнүгүүнүн жана эркиндиктин ишине арнаган апартеидге каршы бул күрөшүүчүнүн зор эмгегин дуйнөлүк коомчулук тааныйт.
Мандела өзгөчө туткундуктун баасын жакшы билген – кийин ал саясий туткун катары 27 жылды темир тор артында өткөргөн! Ал 1990-жылы гана бошотулуп, үч жылдан кийин Нельсонго Нобель Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Бир аздан кийин ал Түштүк Африканын биринчи кара терилүү президенти болуп шайланган.
Нельсон Манделанын эл аралык күнү да КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ар кайсы мекемелеринде кеңири белгиленди. Иш-чаранын алкагында лекциялар, концерттер, поэзия окуулары жана спорттук мелдештер өткөрүлдү. Аларга кызматкерлер да, соттолгондор да катышып, 2013-жылы Йоханнесбургдун четиндеги үйүндө 95 жашында каза болгон Манделанын укмуштуудай тагдырын ар дайым эстеп турушту...
ЖАМК басма сөз кызматы
Сүрөт