Кыргызстандык мектеп окуучулары “Большая перемена” эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү болушту
Эми жеңүүчүлөр Орусиянын алдыңкы университеттеринде бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат
Кыргызстандык төрт мектеп окуучусу эл аралык “Большая перемена” сынагында жеңишке жетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектеги Орус үйүнөн билдиришти.
«Жалпысынан сынакка дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн 500 мектеп окуучусу катышты», - деп айтылат уюмдан. - Сынактын финалы Крымдагы “Артек” лагеринде өтүп, ага Кыргызстандан 14 мектеп окуучусу барган. Сынактын финалисттери эки күндүн ичинде 10-12 адамдан турган топтордо Россиядагы туристтик маршруттардын долбоорлорун иштеп чыгышты. Калыстар тобу катышуучуларды беш компетенция боюнча баалашты: командада иштөө, чыгармачылык, логикалык ой жүгүртүү, баарлашуу жана кызматташуу көндүмдөрү. Жыйынтыгында төрт кыргызстандык жеңүүчүлөрдүн катарына кирди. Алар Орусиянын алдыңкы университеттеринде бекер билим алуу үчүн гранттарды алышкан.
Кошумчалай кетсек, кыргызстандык сегиз финалист «Больше, чем путешествие»
Узнать больше: https://vesti.kg/obshchestvo/item/102474-shkolniki-iz-kyrgyzstana-stali-pobeditelyami-mezhdunarodnogo-konkursa-bolshaya-peremena.html - Школьники из Кыргызстана стали победителями международного конкурса «Большая перемена» - VESTI.KG - Новости Кыргызстанапрограммасынын алкагында «Большой перемены» поезди менен Санкт-Петербургдан Владивостокко жана кайра артка кетип, Орусиянын ири шаарларына токтоп, маданий жайларга барышат.
Михаил Готфрид
Сүрөт www