Кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерге катышып, жарым жылда 117 медаль утуп алышты
Спортчулардын жетишкендиктери тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты
Кыргызстандык спортчулар ар кандай эл аралык спорттук мелдештерге катышып, жарым жылда 117 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
- Биздин спортчулар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөн 68 мелдешке катышты, - деп билдирди басма сөз кызматы. «Өткөн жылга салыштырмалуу алардын кесиптик жана сапаттык өсүүсү байкалууда. Маселен, былтыр алар 106 медалга ээ болушкан: 30 алтын, 22 күмүш жана 54 коло. Бул жылы 117 сыйлык бар: 34 алтын, 35 күмүш жана 48 коло. Бул жакшы жыйынтыктар, Кыргызстан спортчулардын жетишкендиктери менен сыймыктана алат.
Михаил Готфрид
Сүрөт www