Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын жараны болгон 400 бала жана 200 аял бар
ТИМ Жээнбек Кулубаевдин айтымында, бул сандар акыркы эмес
Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын жараны болгон 400 бала жана 200 аял бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.
«Цифралар дагы эле такталууда, абактагылардын саны дагы көп болушу мүмкүн, анткени бул өлкөлөрдүн аймактарынан керектүү маалыматты алуу кыйын», - деди ал. - Азыр балдарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Энелер боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул жерде бир топ кыйыныраак, анткени ар кандай оордуктагы өкүмдөр бар, ага ылайык алар СИЗОго киргизилген».
Тактап айтканда, буга чейин Тышкы иштер министрлиги 2022-жылы Ирактын түрмөлөрүндө энелери менен бирге 79 бала Кыргызстанга кайтарылганы тууралуу маалымат тараткан.
Сүрөт www