Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы ФИДЕ дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышат
Дели эл аралык аэропортунда кыргызстандыктарды Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асейин Исаев тосуп алды
Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы 2022-жылдын 28-июлунан 10-августуна чейин өтүүчү ФИДЕнин Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышуу үчүн Индияга барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.
Салтанаттуу ачылыш аземи 28-июлда Ченнайдагы Джавахарлал Неру атындагы стадиондо Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин катышуусунда өттү.
Дели эл аралык аэропортунда кыргызстандыктарды Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асейин Исаев тосуп алды. Аларды жылуу кабыл алып, дипломат кыргызстандык шахматчыларга ийгиликтүү оюн, мыкты жыйынтыктарды каалады, ошондой эле олимпиада чыныгы спорттун жана достуктун майрамына айланат деген ишенимин билдирди.
Олимпиадада Кыргызстандын курама командасын ар кандай жаш категориядагы 10 катышуучудан турган эркектер жана аялдар командалары коргойт.
Шилтеме
Шахмат олимпиадасы эки жылда бир өткөрүлүүчү Олимпиадалык оюндардан кийинки дүйнөдөгү эң ири спорттук иш-чара болуп саналат. Быйыл олимпиадага дүйнөнүн 188 өлкөсүнөн 2000ден ашуун оюнчу катышууда.
ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт ТИМ маалымат бөлүмү