Кадамжайда 78 адам ууланды. Төртөө ооруканада
Учурда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору лабораториялык иликтөө жүргүзүүдө
Баткен облусунун Кадамжай районунда жергиликтүү ресторандардын биринде акыркы тойдон кийин 78 адам ууланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ууланган 78 адамдын алтоо ооруканага жаткырылды, алардын экөө жаш балдар жана төртөө аял.
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда ресторанда салтанаттуу иш-чара өткөн. Биринчи жабырлануучулар 31-июль күнү Кадамжай ЦОВПсына төмөнкү симптомдор менен кайрылышкан: кусуу, дене табынын 38-39 градуска чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өткөк.
Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www