Башкы прокурор Курманкул Зулушев Панфилов районунун тургундары менен жолугушту
Жолугушууга Панфилов районунун 100дөн ашык тургундары катышты
Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө райондун жашоочулары укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө, мыйзамсыз аракеттерге жана коомдогу курч көйгөйлөргө байланыштуу маселелерди айтышты.
Жарандардын кайрылуулары жана арыздары жеринде кабыл алынып, райондук прокуратурага өткөрүлүп, тургундардын кайрылуусу боюнча көйгөйлөрдү тез арада чечүү тапшырмасы берилди.
Жолугушууга Панфилов районунун 100дөн ашык тургундары катышты.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөнүн жарандарынан укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу үчүн Башкы прокурорго жана ички иштер министрине жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүү тапшырмасын берген.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы