Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаалардын тетиктерин уурдап жүргөн топ кармалды (фото)

Үч күндүн ичинде шектүүлөр кеминде төрт унааны тоноп кетишкен

Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаалардын тетиктерин уурдап жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


- Каракол ШИИБге жергиликтүү 4 тургун кайрылган, - деп маалымат кызматынан кабарлашты. «Алар 17-20-июль аралыгында белгисиз адамдар оор жүк ташуучу унааларынын ар кандай тетиктерин уурдап кетишкенин айтышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, уурулуктан келтирилген жалпы зыян 47 миң сомдон ашыкты түзгөн. Арыздар боюнча кылмыш иштери козголгон. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө уурулукка шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алардан далилдер алынган. Алдын ала сурак учурунда кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышкан. Шаардык соттун чечими менен алардын бирине эки айга убактылуу кармоочу жайга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы, калган экөө үй камагына чыгарылган. Жогорудагы адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх