Жогорку Соттун Төрагасы менен Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты
Талкуунун чордонунда балдарга карата сексуалдык зомбулук жана алимент өндүрүү талабы боюнча суроолор болду
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
- Талкуунун жүрүшүндө ювеналдык юстицияга тиешелүү бир катар маанилүү маселелер козголду, - деп белгилешти алар. - анын ичинде балдарга алимент алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө Гаага конвенциясына Кыргызстандын кошулуусунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо. Бул документ Гаагада 2007-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган. Бул конвенция балдарга алиментти жана үй-бүлөнү колдоонун башка түрлөрүн чет өлкөдө натыйжалуу чогултууга багытталган. Атап айтканда, конвенцияга катышкан мамлекеттердин компетенттуу органдарынын ортосундагы кызматташтыктын комплекстуу системасын тузуу жолу менен.
Басма сөз кызматы билдиргендей, Асел Чынбаева зомбулук, анын ичинде жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук фактылары боюнча соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Замирбек Базарбеков белгилегендей, соттук коргоо баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын эффективдүү жана артыкчылыктуу коргоонун маанилүү кепилдиктеринин бири болуп саналат.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Сүрөт