Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия май куюучу жайлардын абалы жана уруксатсыз жарнак түзүмдөрүн аныктоо боюнча рейд өткөрдү.

Кожоюндары күнөөсүн мойнуна алышкан жок, ишти комиссия карайт

Шаар мэриясы шаардык май куюучу жайлардын абалына баа берүү жана өзүм билемдик менен орнотулган жарнак түзүмдөрүн аныктоо боюнча рейддерди өткөрдү. Бул тууралуу алар муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

-Инспекторлор 21 май куюучу жайды текшерип, анын ичинен алты объектинин жанаша жайгашкан аймагынын абалы канааттандырарлык эмес деп табылды, - деп билдиришти шаардык мэриядан. – Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бирок «Газпромнефть Азия», «ГазИнтерСервис», «Альфа Ойл», «Партнер Нефть», «Газпром Нефть», «Кыргызнефтепродукт» компаниялары күнөөсүн мойнуна алышкан эмес. Эми иштерди административдик комиссия карайт.

Ошондой эле, Бакаев, Гагарин, Асаналиев, Толстой, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрүндө өзүм билемдик менен орнотулган жарнак конструкциялары демонтаждалган.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх