КРнын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын ТИМ мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушту
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды
Жакында Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата 11-августтан 14-августка чейин Венгрияда өтүүчү Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн талкуулашты.
Талентбек Кушчубеков Адам Штифтерди Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысынын орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, 11-августта Будапештте Кыргыз Республикасынын Венгриядагы маданият күндөрүнүн ачылышына карата пландаштырылган гала-концерт тууралуу маалымат берди. Анда белгилүү кыргыз музыканттары, «Камбаркан» кыргыз фольклордук-этнографиялык ансамбли, элдик ырчылар, комузчулар, манасчылар өнөрлөрүн тартуулашат, ошондой эле мода көргөзмөсү болот. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат.
Өз кезегинде Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысынын орун басары Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен мындан аркы биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдирип, маданият күндөрүн майрамдоого венгриялык тараптын катышуусуна ишендирди.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү